Садыр Жапаров Талас облусуна жумуш сапары менен барат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барат.
Мамлекет башчысы Талас шаарынын аэропортунун жана Талас облусунун ИИБ имаратынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле президент Садыр Жапаров "Бала-Саруу" ГЭСинин ачылышына катышат. Анын расмий ачылышы УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.