SerepTV Logo

Садыр Жапаров совет бийлиги тушунда диний жана саясий ишеними үчүн соттолгондорду актаган мыйзамга кол койду 

Садыр Жапаров совет бийлиги тушунда диний жана саясий ишеними үчүн соттолгондорду актаган мыйзамга кол койду 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-декабрда совет бийлиги тушунда репрессияга туш болгон, диний, саясий ишенимдери үчүн камалган же куугунтукталгандарды актаган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, саясий репрессиянын белгилери болуп 1917-жылдан тартып 1953-жылга чейинки мезгилде кабыл алынган чечимдери саналат. Андан сырткары, аталган мыйзам саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган, 1961-жылга чейин колдонулган РСФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин негизинде соттолгон адамдарды актоо каралган. Ушуну менен бирге мыйзамга ылайык Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан адамдын мекенге жасаган чыккынчылыгы үчүн жоопко тартылгандар акталбай тургандыгын белгилөө зарыл.