SerepTV Logo

Садыр Жапаров "Шуша" жаңы турак жай комплексине барды

Садыр Жапаров "Шуша" жаңы турак жай комплексине барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда Азербайжан Республикасына иш сапарынын алкагында "Шуша" жаңы турак жай комплексине барды.
Объекттин курулушу 8 гектар жер аянтында жүргүзүлүп, көчүп келгендерге арналган 23 имараттан турат. Андан соң Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери менен биргеликте Шуша шаарынын курулуп жаткан борбордук мечитин, ошондой эле шаардын тарыхый көрүнүшүн калыбына келтирүү максатында имараттар жергиликтүү архитектуралык стилде салынып жаткан калаанын борборундагы жаңы кварталды көрүп чыкты.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="245429,245427,245431,245430,245432,245433,245428,245426"]
info