Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу чек ара маселелерин сүйлөштү
Кечээ, 19-майда президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин телефондук сүйлөшүүсү болду. Анда кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринин бардык комплекси талкууланды.
Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы салттуу достук, ынак коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тереңдетүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилешти. Тараптар соода-экономикалык кызматташуунун активдешүүсүн, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн жогорулоосун канааттануу менен белгилешти.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев мамлекеттик чек ара маселелери, сооданы көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, транспорт жана энергетика тармагындагы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.