SerepTV Logo

Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоев менен чек арадагы кырдаалды талкуулады

Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоев менен чек арадагы кырдаалды талкуулады
Бүгүн, 30-апрелде президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Маалыматка караганда, мамлекет башчылары учурдагы кырдаалды жана кагылышууну жөнгө салуу жолдорун талкуулашкан. Жапаров Мирзийоевге тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымдады жана тынчтыкты орнотууга, жаңжалды жөнгө салууга жардам берүүгө даярдыгын билдирген Өзбекстандын президентине ыраазычылыгын айтты. Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бардык пикир келишпестиктерди дипломатиялык диалог куруу аркылуу тез жөнгө салуу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле, Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзийоев ушул жылдын март айында Кыргызстандын президентинин Ташкенге иш сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен чечимдердин жана макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты.
edita