SerepTV Logo

Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушту

Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушту
Бүгүн, 12-мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстадын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда Кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт, маданий-эс алуу жана башка тармактар боюнча пикир алмашуу болду. Анда президент Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр үчүн бардык аянтчаларды ырааттуу колдонууну сунуштоо менен эки өлкөнүн өкмөттөрү жетишкен келишимдер боюнча жигердүү иш-аракеттерди күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Садыр Жапаров экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы аянтча болуп кала турган жана чек ара соодасын өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек ишкерлеринин ортосунда түз байланышты жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүп бере турган Кыргыз-Өзбек ишкерлер кеңешин түзүлүшүнө оң пикирин айтты. Кеңештин биринчи жыйыны Ташкент шаарында кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында өткөн. Ал эми Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстан менен стратегиялык кызматташтыкка негизделген ынак коңшулук мамилелерге токтолду. Абдулла Арипов мамлекет башчыларынын тарыхый жолугушуусунда, Кыргызстан Өкмөтү менен тыгыз кызматташууда жетишилген бардык келишимдерди турмушка ашырууга толук даяр экенин айтып, өзбек тараптын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйындарын өткөрүүгө Кыргызстанга каалаган ыңгайлуу учурда бара аларын кошумчалады. Сөзүнүн соңунда Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов эки элдин кылымдардан бери келаткан тарыхый жана маданий жалпылыктары эки өлкө мамилелерин жигердүү өнүктүрүүгө өбөлгө болуп жатканын белгиледи.

Unknown Author