Садыр Жапаров: "Өзбекстандын өндүрүш тармагын көрүп уялдым. Биз тиш чукугуч чыгарган фабрика да салбаптырбыз"
Президент Садыр Жапаров "Азаттыкка" маек берип жатып, өлкөнүн экономикасы жана товарлардын кымбатташына да токтолду. Ал Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында эмнеден уялганын айтып берди.
"Мен уялдым. Өзбекстандын өндүрүш тармагын көрүп чыгып абдан уялдым. Биз тиш чукугуч чыгарган фабрика да салбаптырбыз. Алар болсо, самолет чыгарып атышат. Көрдүңуздөрбү, экономикабыз начар абалда. Бирок биз программаларды иштеп чыктык. Жакын арада өзүбүздүн чоң-чоң пландарыбыз иштей баштай. Экономикалык кризистен да чыгыбыз. Сырткы карыздарды дагы убак-убагы менен төлөй турганга мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылабыз",- деди президент.
Мындан тышкары ал кымбатчылык бизде эле эмес, дүйнөдө болуп жатканын айтты.
“Биз колубуздан келишинче бааларды түшүрүүгө аракет кылып жатабыз. Өкмөттөн 400 миллион сомго жакын каражат бөлүп бердик да, Орусиядан өсүмдүк майы, кумшекер жана башка ушундай кымбаттап жаткан товарларды алып келип, элге арзан баада таратып берип, кайра түшкөн акчага кайра алып келгенге биринчи кадамдар кетти”,- деди ал.