SerepTV Logo

Садыр Жапаров Орусиянын Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

Садыр Жапаров Орусиянын Санкт-Петербург шаарына учуп кетти
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: — тышкы иштер министри Руслан Казакбаев; — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев; — Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат.