Садыр Жапаров Орусияга кимдер менен кетти?
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда иш сапары менен Орусияга КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Боконтаев;
- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.