SerepTV Logo

Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти

Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти.
Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган. Бул иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт.
info