SerepTV Logo

Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапары менен барат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда Нарын облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Маалыматка караганда, мамлекет башчысы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктун көрүп чыгат. Анда инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу пландары менен таанышат. Ошондой эле жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөт.