Садыр Жапаров нааразы болгон 1 миллиард сом бир аптада бөлүндү
"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууну камсыз кылуу максатында Саламаттыкты сактоо министрлигине 1 миллиард сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө толугу менен каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.
16-июнда президент Садыр Жапаров каражат бөлүүнү создуктуруп жаткан Каржы, Саламаттыкты сактоо министрликтерин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алган. "Мамлекеттик ишканага шашылыш түрдө 1 миллиард сом бөлүп берүү үчүн силерге бир жумалык мөөнөт берилет" деген болчу ал.