SerepTV Logo

Садыр Жапаров Москвага барды. Аны кимдер коштоп кетти?

Садыр Жапаров Москвага барды. Аны кимдер коштоп кетти?
Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына учуп кетип, анын учагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында: — Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; — Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков; — Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат. Бүгүн, 16-майда ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик жыйыны өтөт. Иш-чара Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган.