Садыр Жапаров министрлерге: "Ким эл түшкөн автобуска, тыгылышкан маршруткага түштү? Андайлар аз"
«Залда облус жетекчилеринен башка бардык министрлер, ведомстволордун жетекчилери отурушат. Ким канча жолу аймактардагы элдин жашоосун көрүп келди?" – деп сурады президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынында.
"Ким эл түшкөн автобуска, тыгылышкан маршруткага түштү? Андайлар араңыздарда жокко эсе. Аз. Жерге түшкүлө, эл менен болгула”, - деди президент.