Садыр Жапаров министрлердин жана башка жетекчилердин орун басарларын кыскартууну тапшырды
Президент Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Жарлыктын тексти:
Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн ички резервдерин табууга олуттуу көңүл бурулбай жатат. Республикалык бюджеттин каражаттарын пайдаланууну контролдоо механизмдеринин төмөнкү натыйжалуулугу бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууга, кем чыгууларга жана уурдоолорго, күйүүчү майлоочу материалдарды сарптоо боюнча, электр жана жылуулук энергиясын керектөөгө, байланыш кызматтарына белгиленген ченемдерди аткарбоого, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгарууга, башка финансылык тартип бузууларга алып келет. Мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин ыгы жок көбөйтүлгөн аппараты, республикалык бюджеттин каражаттарын пайдаланууну контролдоонун ишенимдүү механизминин жоктугу, мамлекеттик менчик объекттерин сарамжалсыз жана пассивдүү эксплуатациялоо бюджеттик каражаттарды жана активдерди натыйжасыз сарптоого алып келет. Кээ бир кабыл алынып жаткан мыйзам актылары жана башка ченемдик укуктук актылар мамлекеттин болгон экономикалык жана финансылык ресурстары менен бекемделген эмес, бул мамлекеттин жарандар алдындагы милдеттенмелерин аткарбоого алып келет. Финансылык кыянаттык кылуулар жана бузуулар талаптагыдай контролдун жоктугунун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин өздөрүнүн милдеттерин аткарууга жасаган жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилелеринин, күнөөлүүлөрдүн жана кызмат адамдарынын жазасыз калышынын натыйжасы болуп саналат. Республикалык бюджеттин чыгашаларын тартипке келтирүү жана аны реалдуу аткаруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
- Министрлер кабинети:
- Эсептөө палатасы төмөнкүлөр боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн:
- Жогорку Кеңешке 2022-жылдын 1-февралына чейин төмөнкүлөр сунушталсын:
- Жогорку Кеңешке төмөнкүлөр сунушталсын:
- Учурдагы финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин кабыл алынган жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен аталган мыйзамда каралбаган чыгымдарга алып келген президенттин, Министрлер кабинетинин ченемдик укуктук актылары Финансы министрлиги менен милдеттүү түрдө макулдашылышы керек жана учурдагы финансылык жылдан кийинки жылы каржылоо жүргүзүүнү караштырган ченемдерди камтууга тийиш деп белгиленсин.
- Башкы прокуратура бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жана финансылык тартип жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү аткаруу бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджеттик каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузууларды аныктоо үчүн прокурордун ыйгарым укуктарын максималдуу пайдалануу менен активдештирсин.
- Министрлер кабинети:
- Президенттин 23-апрелдеги № 98 «Республикалык бюджетти үнөмдүү чыгымдоону камсыз кылуу, финансы тартибин чыңдоо жана мамлекеттик менчикке жана бюджеттик каражаттарга кол салууга каршы күрөштү күчөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Указы күчүн жоготту деп таанылсын.
- Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин Администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
- Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.