SerepTV Logo

Жапаров менен Баткендин тургундарынын жолугушуусундагы түшүнбөстүк эмнеден чыккан? Маалымат катчы үн катты

Жапаров менен Баткендин тургундарынын жолугушуусундагы түшүнбөстүк эмнеден чыккан? Маалымат катчы үн катты
Кечээ, 7-майда президент Садыр Жапаров Баткендеги жергиликтүү тургундар менен жолугуп кайтты. Бирок айрым ЖМКлардын журналисттери жолугушууну сүрөт, видеого тарттырбай жатканын айтып нааразы болушкан. Ошондой эле соцтармактын колдонуучулары президент Кулундуда "Кожалы-Ворух" жолу боюнча суроо берген балага "провокатор, тарбия көрдүң беле?" деп айтканы кызуу талкуу жараткан. Жолугушуу тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек үн катты. Анын айтымында, сапар жемиштүү болгон, бирок жолугушуунун жүрүшүндө түшүнбөстүктөр болуп кеткен.
"Жалпысынан сапар абдан маанилүү, керектүү жана жемиштүү болду. Чын ниеттен сөздөр ачык айтылды. Тилекке каршы, жолугушуунун жүрүшүндө түшүнбөстүктөр болуп кетти. Белгисиз жаштар пайда болуп, чыр-чатактуу кырдаалды козутууга аракет кылышты. Ал айылдын тургундары бул жаштарды тааныбай турганын айтып, аларды бул теманы башка өңүткө бурмалабоону өтүнүштү. Азыр "хайп" кыла турган убак эмес, учурдагы эң маанилүү маселе - чыр-чатактарды токтотуу эле эмес, жаңжалды биротоло кайталанбашы үчүн бардыгына аракет кылуу. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү, алардын муктаждыктарын чечүү, талкаланган айылдарды калыбына келтирүү милдеттери турат. Элибиз өздөрүн коопсуз сезиши керек. Бул багытта иштер жигердүү жана масштабдуу жүргүзүлүп баштады", - деди ал.
edita