Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев УКМКнын Нарын облусу боюнча жаңы имаратын ачты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусу боюнча Башкармалыгынын капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имаратынын ачылышына катышты.
Садыр Жапаров 1988-жылы курулган УКМКнын Нарын башкармалыгынын имаратына ошол 35 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн айтты. Материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин ишине тиешелүү шарттарды түзүп берүү максатында генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен демөөрчүлөр тартылып, бул имаратты короо-жайын кошо толугу менен менен оңдоп-түзөөнү колго алынган. Жалпы жонунан 2 миң чарчы метрден ашык имараты толугу менен оңдолуп-түзөлүп, 500 чарчы метрден ашык кошумча курулуш курулду. Ошондой эле жайкы спорттук аянтчалар салынып, тосмолору тосулуп, тиешелүү жерлерге асфальт төшөлдү.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="220112,220111,220115,220114,220108,220110,220113,220116,220109"]