Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова Киотодо чай аземине катышты
Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 18-ноябрда Киото шаарында чай аземине катышты.
Мамлекет башчысына жана анын жубайына чай даярдоонун өзгөчөлүктөрү, Японияда чай ичүү каада-салттары жөнүндө кеңири айтып беришип, андан соң чай аземинин чебери даамдуу суусундук сунду. Японияда чай ичүү - бул бүтүндөй бир искусство. Япон тилинде "чай аземи" деген сөз айкашы садо (тядо) деп айтылат, бул сөзмө-сөз "чай жолу" дегенди билдирет.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="214446,214447,214450,214451,214448,214449"]