Садыр Жапаров май майрамдарында футбол ойнойт
4-5-майда Бишкекте Кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган “Мурас” футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Ата-мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде президент Садыр Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу кышкы/жайкы турнир катары өтүп турарын жарыялаган.
Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшөт:
- Президент Садыр Жапаров башында турган – "Президенттин администрациясы" командасы;
- маданият ишмерлери – "Өнөр" командасы;
- бизнестин өкүлдөрү – "Бизнес" командасы;
- ЖМК өкүлдөрү – "Журналисттер" командасы;
- ата-мекендик футболдун ардагерлери – "Алга" командасы;
- спорттук федерациялардын жетекчилери – "Спорттук федерациялар" командасы;
- Парламенттин депутаттары – "Жогорку Кеңеш" командасы;
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери – "Аймактар" командасы;
- дин өкүлдөрү – "Ыйман" командасы;
- чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери – "Элчилер" командасы;
- ооруканалардын жетекчилери жана башкы дарыгерлери – "Ден соолук" командасы;
- ЖОЖ ректорлору жана мектеп директорлору – "Билим" командасы.