SerepTV Logo

Садыр Жапаров Кытайдын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Садыр Жапаров Кытайдын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров кечээ, 18-майда Сиань шаарында Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы КЭР бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда аларга Кыргызстандагы артыкчылык берилген долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуш кылды. Мамлекет башчысы кытайлык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык дарамети чоң экенин, мамлекет тарабынан инвесторлорго керектүү шарттар түзүлүп, корголуп жатканын айтып берди. Кытай тарап Кыргызстанда инфратүзүмдүк, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Садыр Жапаров белгилегендей, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө негизги ролду Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясы (ККӨК), ошондой эле ККӨК алдындагы «Кыргызстан- КЭР СУАР» координациялык тобу ойнойт. Президент кытай ишкерлерине Кыргызстанда инвестициялык виза киргизилгенин, инвестициялык категориядагы визалардын мөөнөтү - өлкө экономикасына 10 миллион сом салым кошо турган болсо - 5 жылга чейин, өлкө экономикасы 20 миллион сом салым кошо турган болсо - 10 жылга чейин экенин айтып берди. “Эки өлкө ортосунда Инвестицияларга өз ара дем берүү жана коргоо боюнча эки тараптуу макулдашуу бар. Бул макулдашууда кытай компанияларынын Кыргызстанга инвестиция салуусуна жагымдуу шарттар каралган. Учурдагы Кош салык салуудан четтөө тууралуу аракеттеги макулдашууда бир гана жолку салык салынары каралган жана ал кытайлык компанияларга Кыргызстанга инвестиция салууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жогоруда айтылгандардын негизинде кыргыз тарап кытайлык компаниялардын Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө катышуусун кубаттайт жана чакырат”, - деп билдирген президент, Кыргызстанда энергетика тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык берилерин, өлкө гидроэнергетикалык ресурстарга бай экенин кошумчалады. Мамлекет башчысы жалпы эле чет элдик, анын ичинде кытайлык өнөктөштөрдү ГЭСтерди куруу боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. Кызыкчылык жарала турган болсо, кыргыз тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда кызматташуу боюнча сунуштарды, механизмдерди кароого даяр. «Биз “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбооруна кытайлык компаниялардын кызыгуусу артып жатканын билебиз. Бул долбоор аймактык маанилүү долбоор болуп саналат. Жаңы темир жол каттамы Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк тармагы болуп,  Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия рынокторуна жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачат. Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Европа Биримдигине жүктөрдү жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор жүктөрдү жеткирүүнүн аралыгы менен убактысын кыскартуу аркылуу эл аралык транзиттик жүк ташуу рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатат. Бул долбоорду ишке ашыруу региондогу өлкөлөр үчүн жалпысынан оң социалдык-экономикалык натыйжа берет”, - деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров. Президент менен болгон жолугушууга Кытайдын жол жана көпүрө куруу, темир жол, энергетика, транспорт, коммуникация, маалымат технологиялары, билим берүү, туризм жана башка чөйрөлөрдөгү ири компанияларынын өкүлдөрү катышты. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="181385,181386,181387,181388"]
info