Садыр Жапаров Кыргызстандын курамасын Азия Кубогу-2023кө чыгышы менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Тажикстан курамаларынын ортосунда болгон беттешке барды.
Бул команда үчүн Азия Кубогу-2023кө тандоо этабындагы акыркы оюну болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары оюнду тең, 0:0 эсебинде жыйынтыкташты. Эки команда тең Азия Кубогу-2023түн финалдык баскычына чыгышты.
Беттеш аяктаган соң мамлекет башчысы улуттук кураманын кийим алмаштыруучу жайына кирип, команданы бул ийгилиги менен куттуктады. Ал болуп өткөн бардык беттештердин жүрүшүндө спортчулар кооз жана укмуштуудай футболду көрсөтүп, кыргызстандыктарга чыныгы майрам тартуулашканын белгиледи. Садыр Жапаров машыктыруучулар курамына ыраазычылык билдирип, аларсыз бул жеңиштерге жетишүү мүмкүн болмок эместигин билдирди. Президент спортчулар менен болгон баарлашууда Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын Азия Кубогуна катышуусуна байланыштуу бардык каржылык маселелер өз убагында чечилерин баса белгиледи.