SerepTV Logo

Садыр Жапаров кортеж, банкет жана башка ыксыз чыгымдардан баш тартты

Садыр Жапаров кортеж, банкет жана башка ыксыз чыгымдардан баш тартты
Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи 28-январга белгиленип, иш-чарага даярдыктар көрүлө баштады. Жапаровдун бул салтанатка байланыштуу билдирүүсүн Президенттик аппараттын басма сөз кызматы бүгүн, 22-январда жарыялады. Садыр Жапаровдун кайрылуусу:  “Урматтуу кыргызстандыктар! Октябрь окуяларынан кийин түзүлгөн саясий кырдаалды, өлкөнүн экономикалык, каржылык жана эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, мындай кырдаалда өлкөнүн экономикасына оорчулук келтирүүчү иш-чаралардан баш тартууга тийиш экендигибизди белгилей кетүү зарыл деп эсептейм. Элибиз бизди түшүнөт жана колдойт деп ойлойм. Мамлекет башчысынын кызматка киришүүсүнүн калыптанып калган салттарына, стандарттарына жана жол-жоболоруна ылайык, иш-чаралар планын иштеп чыккан Уюштуруу комитетине ыраазычылык билдирем. Мен каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартууну чечтим. Президенттин кызматына киришүүдө мыйзам талап кылган милдеттүү жол-жоболорду гана эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү. Мамлекет бүт көңүлүн өлкө каражаттарын элге жана алардын муктаждыктарына колдоо көрсөтүүгө пайдаланууга бурушу зарыл”, - деп жазылат маалыматта.  
edita