Садыр Жапаров: "Конституциянын жаңы долбоору үчүн жоопкерчилик Конституциялык Кеңешмеде, Жогорку Кеңеште, элде болот"
Конституциянын долбоору үчүн жоопкерчилик Конституциялык Кеңешмеде, Жогорку Кеңеште анан элде болот. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Конституциялык Кеңешмедеги 98 киши ар тармактан чогулган адамдар.
“Башында 70тей эле киши түзүлсө керек эле. Кийин каалаган кишинин баары кирип отуруп 98 кишиге жетти. Алар даярдап Жогорку Кеңешке берди. Жогорку Кеңеш "өзгөртүүсүз эле референдумга" деп референдумга алып чыгышты. Эң негизги жоопкерчилик кеңешмеде болот. Анан Жогорку Кеңеште, анан албетте, элдин өзүндө. Эгер эл каалабаса эл бул Конституцияны кабыл албай койсо да болот. Бирок мен ойлойм каршы добуш беришпейт деп”,- деди ал.