SerepTV Logo

Садыр Жапаров: "Камчы Көлбаев мени эмес, Сапар Исаковду колдогон"

Садыр Жапаров: "Камчы Көлбаев мени эмес, Сапар Исаковду колдогон"
2020-жылдагы октябрь окуясында кылмыш чөйрөсүнүн аталыгы аталган Камчы Көлбаев Садыр Жапаровду колдоду беле? Өлкө башчысы бул суроого жооп берген маеги "Кабарга" жарыяланды. "Жок. Ал мени колдогон эмес, ачык эле айтайын, Сапар Исаковду колдогон. "Криминалдар Садыр Жапаровду колдоп атат" деген жалган маалыматты ошол мезгилдеги менин оппоненттерим жана “Азаттык” тараткан. Алардын планы мени элге жаман көрсөтүп, шайлоого чейин оюндан чыгарыш болчу. Бирок 10-15 жыл мурдагыга караганда 2020-жылы элдин көзү ачылып калган эле. Андай ушактарга ишенбей калышкан. Кандай маалымат болбосун, өздөрү талдап, тактап, чын-бышыгын билип алышчу. Жыйынтыгында көпчүлүк эл менин талапкерлигимди колдоп, президенттик кызматка шайланып калдым",- деди ал.
edita