Садыр Жапаров жубайы менен Монголияга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу боюнча мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына жөнөп кетти.
Мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана өнөр жай ишканаларына баруу пландаштырылган.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
Айгүл Жапарова - президенттин жубайы;
Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;
Эдиль Байсалов - Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
Муратбек Азымбакиев - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Айбек Артыкбаев - Кыргызстандын Монголиядагы элчиси;
Алтынбек Максутов - маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Тилек Текебаев - транспорт жана коммуникациялар министри;
Данияр Амангельдиев - экономика жана коммерция министри;
Умбриэль Темиралиев - президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору;
Эмилбек Абдыкадыров - Бишкек шаарынын мэри;
Самат Насирдинов - айыл чарба министринин орун басары;
Эмиль Осмонбетов - жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.