SerepTV Logo

Садыр Жапаров жетим балдар үчүн 1 миллион сом берди

Садыр Жапаров жетим балдар үчүн 1 миллион сом берди
Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Аке жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебине 1 миллион сом берди. Бишкек шаарында 4-5-майда өткөн футбол боюнча «Мурас» достук мелдешинде президенттин администрациясы командасы жеңишке жетишкен. Мамлекет башчысы ошол учурда турнирдин байге фонду кайрымдуулук максатына багытталарын жарыялаган. Маалымат үчүн: Жатак мектептин имараты 1988-жылы курулган, анын сыйымдуулугу 200 орундуу. Азыркы учурда жатак мектепте 181 тарбиялануучу билим алууда.