SerepTV Logo

Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барат
Президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (19-29-август күндөрүндө өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн 20-августта Будапешт шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
«Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулашат», - деп билдирди Азымбакиев.
info