Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусуна барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкө башчы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларда жабыркаган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.