SerepTV Logo

Садыр Жапаров: "Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард сомдук дефицити менен алдым"

Садыр Жапаров: "Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард сомдук дефицити менен алдым"
Бүгүн, 5-майда президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду. Ошону менен бирге кыргыз элине кайрылды. Ал өз сөзүндө Кыргызстанды эңшерилген экономикасы менен алганын белгиледи. "Силердин ар бириңерге, жаш-кары дебей ар бир уул-кызыбызга кайрылып жатам! Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуяларга күбө болдук. Тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн тийиштүү чаралар көрүлдү. Бул окуялардын жүрүшүндө жабыр тарткан жарандарыбыз мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоого алынат, жабыркаган айыл-кыштактарды тез аранын ичинде калыбына келтиребиз. Атпай журт айттырбай туюп, көрүп-билгенди мен да байкап, көрүп-билип турам. Ошол эле учурда, азыркыдай экономикалык абдан оор кырдаал, кризистик жагдай мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес. Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард сомдук дефицити менен алдым. Анысы аз келгенсип, пандемиянын кесепетинен бардык өлкөлөр менен карым-катнаш, соода-сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат. Мен өткөндү жамандап, акаарат айтып, күнөөлүүлөрдү издегим келбейт. Даанышман элибиз кимдин ким экенин ансыз деле жакшы билет", - деди ал.
edita