SerepTV Logo

Садыр Жапаров элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту

Садыр Жапаров элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Буга чейин мамлекет башчы 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгына ылайык, Элдик Курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин, 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай 1074 делегаттын катышуусунда болуп өткөн. “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамы кабыл алынгандыгына жана күчүнө киргендигине байланыштуу президенттин 2022-жылдын 22-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгы күчүн жоготту, ошону менен бирге 2022-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн Элдик Курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду.
edita