Президент: "Экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн үч милдетти ишке ашыруу зарыл"
Бүгүн, 5-майда президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбооруна кол койду. Кол койгон соң, кыргыз элине кайрылуу жасады. Ал өзүнүн кайрылуусунда экономикада кандай реформа жасаларын айтып берди.
"Экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бир нече милдетти ишке ашыруу зарыл. Биринчи милдет — мамлекетке инвестициялардын агымын жогорулатуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү. Экинчи милдет — өлкөбүздүн изоляцияда калуусуна жол бербөө. Мунун эки шарты бар: биринчиси, соодадагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүрүшүн камсыздоо. Экинчи шарты, вакцинация маселеси. Калкты эмдөөдөн өткөрбөсөк, пандемия шарттарында жарандардын ары-бери каттоосуна бөгөт болгон маселеге айланат. Өкмөттүн алдындагы үчүнчү милдет — азык-түлүк товарларынын кымбаттап жатышына жол бербөө", - деди ал.
Ошондой эле ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарып, бизнести угууга толугу менен даяр экенин айтты. "1-октябрга чейин жаңы Салык кодекси менен социалдык төлөмдөрдүн тарифтерди төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөтөбүз", - деди президент.