SerepTV Logo

Садыр Жапаров Дубай шаарына барды

Садыр Жапаров Дубай шаарына барды
Президент Садыр Жапаров кечээ, 30-ноябрда иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) барды. Мамлекет башчысынын борту "Аль-Мактум" эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи тосуп алды. Мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.
info