Садыр Жапаров чет элдик жаранга дипломатиялык паспорт берүү жөнүндө чечим кабыл алган
Депутат Улукбек Ормонов "Centerra Gold Inc" компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүктөн дипломатиялык паспортту кайдан, кантип алганын сурады. Депутат жыйында мыйзамга ылайык, чет элдик жаран дипломатиялык паспорт ала албай тургандыгын белгиледи. Бөлтүрүк ага президенттин жарлыгынын негизинде дипломатиялык паспорт берилген деп жооп берди.
"Бул 2020-жылдын октябрь айында болгон. Пандемия болгондуктан, мен эч кандай тоскоолдуксуз өлкөгө кирип-чыгышым үчүн мага паспорт керек болду, ээн-эркин жүрө алдым. Мен Кыргызстанда болушум керек эле, Түркия аркылуу Торонтого барышым керек болчу", - деди ал.
Ормонов Бөлтүрүктүн Кыргызстанга ким катары келгенин сурады.
"Президенттин кеңешчиси катары", - деп жооп берди ал.
"Кайсы президент?" - деп сурады депутат.
"Жапаров", - деди директорлор кеңешинин мүчөсү.
"Садыр Жапаров октябрь айында президент эмес болчу. Ошентсе дагы. Дипломаттык паспорт алуу боюнча мыйзам бар", - деди Ормонов.
"Мен жөн гана Кыргызстанга жардам берүү үчүн келдим", - деп кошумчалады Бөлтүрүк.
"Бул абдан таң калыштуу. Чет элдик жарандарга дипломатиялык паспорттор берилбейт", - деди депутат.
Бөлтүрүктүн кош жарандыгы бардыгы кечээ, 17-майда парламенттин жыйынында маалым болгон. Ал Канада менен Кыргызстандын жараны.