Садыр Жапаров: "Дүйнөдөгү абал курчубаганда, айлыктын жогорулаганы сезилерлик болмок"
1-январдан социалдык жөлөкпулдарды көтөрдүк. 1-апрелден социалдык тармактын: билим берүү, медицина, маданият кызматкерлеринин айлыктарын көтөрдүк. 1-июндан тартып кайрадан социалдык жөлөкпулдарды көтөрдүк. Эми 1-августтан тартып калган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрөбүз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.
"Бул үчүн 10 миллиард сомго жакын каражат керектелет. Былтыртан бери күч түзүмдөрүнүн айлыктарын көтөрдүк: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Прокуратура, Чек ара жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтарынын, Соттук-экспертиза жана башка кызматтардын баарын көтөрүп, айлыктарын теңдедик.
Быйыл айлыктардын баары көтөрүлдү, алдыда мындан 2 эсеге жогору болот деп ойлойм. Мунун баары элдин кирешесинин көбөйүп бараткандыгын тастыктайт. Эгерде дүйнөдөгү абал курчубаганда, ушул кирешелерди жеп кетип жаткан инфляция да аз болмок, элдин көтөрүлгөн айлыктары үй-бүлө кирешесинде азыркыдан да жакшы сезилерлик болмок. Кандай болсо да тапканыбыздын берекеси болсун", - деди ал.