Садыр Жапаров: "БУУда сууну товар катары кабыл алуу боюнча маселе каралып жатат. Кабыл алынса сатабыз"
«Сууну товар катары сатууга да убакыт келет», - деди президент Садыр Жапаров сууну сатуу боюнча.
"Азыр БУУда сууну товар катары кабыл алуу боюнча маселе каралып жатат. Кабыл алынса анан сатабыз да. Мадумаров ошондой эле акылдуу болсо, сууну товар деп, аны сатуу боюнча бир барак мыйзам жазып киргизип койбойт беле. Ошончолук мекенчил экени чын болуп, элине, мекенине күйсө, БУУга кайрылып көрбөйт беле", - деди ал.