SerepTV Logo

Садыр Жапаров бул сапар футболдук беттешке жубайы жана уулу менен барды

Садыр Жапаров бул сапар футболдук беттешке жубайы жана уулу менен барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-июнда борбордук Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы менен Мьянма курамасынын футболдук беттешине барды. Ал Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагында өттү. Сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова жана уулу Рустам Жапаров менен оюнга күбө болду. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="116761,116829,116760,116830"] Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянма курама командасын 2:0 эсебинде жеңип алды.