SerepTV Logo

Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди
Президент Садыр Жапаровдун 28-декабрда Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги катышуучу-мамлекеттердин жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышты. Өлкө лидерлери коронавирустук пандемияга биргелешип каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, бул көйгөйдөн чыгуунун натыйжалуу жолдору боюнча эксперттердин пикирин угуп, талкуу өткөрүштү. Бейформал саммитке Белорусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстанстанлын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстанстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Иш сапарын жыйынтыктап, президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда  Бишкек шаарына келди.