Садыр Жапаров Азербайжанга барат
Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк келишими боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Бакуда өткөн маалымат жыйынында элчи Кайрат Осмоналиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинин алкагында эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Илхам Алиевдин жолугушуусу болгон. «2022-жылдын апрель-май айларында Кыргызстандын президентинин Азербайжанга сапары күтүлүүдө. Бул сапардын жүрүшүндө стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге да кол коюлат», - деди ал.