Садыр Жапаров Атамбаев тууралуу: "Ага кызыккан да жокмун, убактым да жете элек"
Кечээ, 26-апрелде президент Садыр Жапаров Акипресс маалымат агенттигинин журналисттеринин суроолоруна жооп берди. Анда журналисттер абакта жаткан Алмазбек Атамбаевдин тагдырына кызыгышты.
Алар президентке "мурунку президент Алмазбек Атамбаев учурда камакта. Анын боштондукка чыгышы боюнча сиздин пикириңизди угалы" деген суроо узаткан.
Суроого президент Атамбаевдин абактан качан чыга турганын сурабагынын, ага убактысы жок экенин айткан.
"Аны сот чечет. Ага кызыккан да жокмун, убактым да жете элек. Менин билишимче, Кой-Таш окуясы боюнча жана Батукаев боюнча соту жүрүп жатат. Анын качан чыга турганын сураган да жокмун. Аны мен эмес, сот чечет",- деди президент.