Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан) барды. Мамлекет башчынын борту "Нурсултан Назарбаев" эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын кезектеги онунчу Саммитинин ишине катышат.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="211593,211596,211594,211595"]