SerepTV Logo

Садыр Жапаров Араб Эмираттарына кимдер менен кетти? Тизме

Садыр Жапаров Араб Эмираттарына кимдер менен кетти? Тизме
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар: - тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; - Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев; - жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев; - энергетика министри Таалайбек Ибраев; - финансы министри Алмаз Бакетаев; - экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев; - Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.
edita