Садыр Жапаров: "АКШ Көлбаев менен Матраимовду сурап, ошол эле учурда Шадиевди бербей жатат"
"Мен Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди коргоп жаткан жерим жок. Бирок биз өзүбүздүн жарандарды Америкага бере албайбыз". Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Американын бир штаты эмес. “Камчы Көлбаев боюнча мен да окудум. Америка жазып чыкты. Америка негизи кош стандарт саясатын жүргүзүп жатат. Мен ушинтип эле айтат элем. Көлбаев менен Матраимовду бер, биз соттойлу дейт. Көлбаев өмүр бою түрмөдө отурушу керек дейт. Биз Американын бир штаты эмеспиз да, өзүбүздүн жаранды берип койгудай. Сен сотто, мен соттой албай жатам деп. Мен эми Матраимов менен Көлбаевди коргоп аткан жокмун. Экөөнү сурап атат дагы ошол эле мезгилде Шадиевди бербей жатат. Эмнеге? Андан башка толтура саясатчыларыбыз Америкада качып жүрбөйбү. Тышкы иштер министрлигине жаздырдым, бизге кылмыш иштерин берсин, биз ачык соттойлу деп. Болбой жатышат”, - деди ал.
Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев 2-мартта соттун чечими менен абактан бошотулган. УКМК тараткан маалымат боюнча, кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырган деген айып тагылган Көлбаев 250 миллион сомдун 50 миллион сомго чукулун которгон, калганын апрель айынын аягына чейин төгөт.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда УКМК тарабынан кайрадан кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Бирок бир аптага жетпей, анын менчик ооруканага жатып алганы маалым болгон.