Садыр Жапаров алты өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда Пакистан, Өзбекстан, Венгрия, Ооганстан, Түркия жана Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Ишеним грамоталарын кабыл алган соң, мамлекет башчысы ар бир элчини өзүнчө кабыл алып, алар менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, жакынкы келечектеги өз ара кызматташуунун артыкчылыктарын, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү чараларын талкуулады.
Президент Садыр Жапаров элчилерди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, аларга Кыргызстандагы ишинде алдыга койгон бардык максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.
Өз кезегинде Пакистандын элчиси — Сардар Азхар Тарик Хан, Өзбекстандын элчиси — Хуршид Мирзахидов, Венгриянын элчиси — Шандор Дороги, Ооганстандын элчиси — Бисмилла Вазири, Түркиянын элчиси — Ахмет Садык Доган, Казакстандын элчиси — Рапил Жошыбаев жылуу кабыл алгандыгы үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришип, тигил же бул маселелерди чечүүдө Кыргызстан менен кызматташууну чыңдоонун оңтойлуу жолдорун табуу үчүн бардык билимин жана тажрыйбасын пайдаланууга болгон күч-аракеттерин жумшай тургандыктарына ишендиришти.