SerepTV Logo

Садыр Жапаров 31-мартта Худжандга барарын айтты

Садыр Жапаров 31-мартта Худжандга барарын айтты
Бүгүн, 13-мартта «Ынтымак Ордо» Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуусу өтүүдө. Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, 31-мартта Худжандга Нооруз майрамын белгилөөгө барарын айтты. "Учурдан пайдаланып чакырууга ыраазычылык билдирем жана барам. Нооруз майрамын биргелешип белгилөө Борбор Азия өлкөлөрүнүн достугун, ынтымагын билдирген салтка айланат деп ишенем", — деди Жапаров.  Тажикстандын президенти сөз сүйлөп жатып, Нооруз майрамын белгилөөгө Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары чакырылганын билдирди.
edita