"Садыр аwа". Депутат Айбек Осмонов кыргыз алфавитин W тамгасы менен толуктоону сунуштады
Бүгүн, 19-апрелде депутат Айбек Осмонов кыргыз алфавитин W тамгасы менен толуктоону сунуштады.
"Ава" деген сөздү Ысык-Көл менен Баткенде көп колдонушат, аны билесиңер. Мисалы, Садыр ава, Султанбай ава. Мен сүйлөгөндө "Садыр ава" дей берем. А кат жазып калсам, урматтуу Садыр ава деп жазамбы же аба деп жазамбы? Биз W тамгасын киргизишибиз керек. Айтылганы менен жазылганы туура эмес болуп калып жатат", - деди ал.