SerepTV Logo

“Сабырдуу болгула!”: Жапаров элге кайрылуу жасады

“Сабырдуу болгула!”: Жапаров элге кайрылуу жасады
Кечээ, 18-февраль күнү түндө президент Садыр Жапаров элге Telegram каналы аркылуу төрт сап ыры менен кайрылуу жасады. Анда ал чек ара маселеси чечилээрин жана мамлекетке зыян келтирген чиновниктер камалаарын убадалап, "Айтылган сөз, атылган ок",-деп түшүндүрдү. "Сабырдуу болгула! Кара тизмеге кирген ууру зыянкечтер буюрса сөзсүз камалат. Айтылган сөз, атылган ок. Чек ара маселеси чечилбей каралбай койбойт. Элдин негизги көйгөйлөрү да акырындап кудай буюрса чечилет",-деди Жапаров Ошондой эле ал кайрылуусуна төрт сап ыр кошкон: Аккан суудай шар агабыз шашылып, Адашпайлы биз адамдар аңтарылып чачылып. Кээде байкап кээбир кээбир адамдардын мүнөзүн, Таң каласын айлаң кетип баш кагып.

Unknown Author