SerepTV Logo

Рыскелди Момбеков: "Кыргыз жарандары ошол казиного кирбейт деп ким кепилдик берет? Кирет, "еще как" кирет"

Рыскелди Момбеков: "Кыргыз жарандары ошол казиного кирбейт деп ким кепилдик берет? Кирет, "еще как" кирет"

Парламент Ысык-Көлдө кумаркана куруу боюнча мыйзам долбоорун жыйында карап жатат. Көпчүлүк эл өкүлдөрү бул мыйзам долбоорго каршы пикирлерин билдиришүүдө.

Алардын айтымында, эгер Ысык-Көлдө кумаркана курулса, ал жакка жергиликтүү тургундар да бара башташат. Бул туристтерге деп салынып, аягы "кыргызча" бүтөт дегендер да болду. Мыйзам долбоорду кароонун жүрүшүндө, депутат Рыскелди Момбеков долбоордун авторлоруна суроо берди. - Мунун негизги эки максатын атып бериңизчи. Биринчиси туризмди өнүктүрүү, экинчиси бюджетти толтуруубу? Бактыбек Турусбеков: Мен жооп бербедимби. Мыйзамдын долбоорунда жазылып турат. Рыскелди Момбеков: Бул мыйзам өкмөттүн корутундусу жок эле кирип кеттиби? Алмазбек Абытов (өкмөттүн өкүлү): Биз расмий түрдө корутунду даярдап жатабыз. Бир топ сунуштар менен беребиз. Рыскелди Момбеков: Силер макул дейсиңер, биз корутундуну көрүшүбүз керек да. Бүгүнкү күндө өкмөттүн корутундусу жок туурабы? Алмазбек Абытов (өкмөттүн өкүлү): Жазуу түрүндө даярдап жатабыз. "Кыргызстандын жарандары ошол казиного кирбейт деп ким кепилдик берет? Кирет "еще как" кирет", - деди ал.
edita