SerepTV Logo

Момбеков: "Кумтөр" легендарлуу парламентти жуткан. Биздей чимкириктерди чиркейди жуткан бакадай кылып жутуп коёт"

Момбеков: "Кумтөр" легендарлуу парламентти жуткан. Биздей чимкириктерди чиркейди жуткан бакадай кылып жутуп коёт"
Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Жыйында мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр» боюнча баяндама жасап, "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштады. Бирок бул комиссиянын корутундусуна толугу менен кошулбаган комиссиянын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков өз нааразычылыгын айтты. Анын айтымында, "Кумтөр" убагында легендарлуу парламенттин, канча деген өкмөттүн башын жеген. Ал эми учурдагы парламентти чиркейди бака жуткандай эле жутуп коёт деген пикирде депутат. "Кумтөр" легендарлуу парламентти жуткан. Биздей чимкириктерди чиркейди жуткан бакадай кылып жутуп коёт. Эгер биз жутабыз десек, анда улутташтырууга барышыбыз керек болчу. Азыр шорун эл көрөт. Бул менин жеке пикирим. Биз Садыр Жапаровдун алдына аппак пахта коюп жатабыз. Пахтанын алдына мина коюп жатабыз. Бул долбоор азыркы президентти аңга түрткөн долбоор", - деди ал.
edita