Рыскелди Момбеков: "Биз каратып туруп, мүрзөдөгү адамга добуш бердирдик го"
"Талант Турдумаматович сиз мыйзамды жакшы билген адамсыз, ушундай жерде калыс сөзүңүздү айтып койбойсузбу!",- деди депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында.
Анын айтымында, долбоорду ушундай зордук менен кабыл алуу туура эмес.
"Комитеттин төрагасы, орун басары жок. Талант Турдумаматович, сиз мыйзамды жакшы билген адамсыз, регламент бузулуп жатканын билип жатасыз. Ушундай жерде калыстык сөзүңүздү айтып койбойсузбу. Референдум тууралуу мыйзам дейт, экинчи окууда тийиштүү комитеттин төрагасы сунуш бериш керек да. Конституция долбоорун ушундай зордук менен кабыл алабызбы? Уят да. Мейли эми түрмөдөгү адамга добуш бердиргиле, мүрзөдөгүлөргө бердиртип жатасыңар. Комитеттин мүчөлөрү жок, капталдан башка депутат сунуш берип жатат. Тарыхта, акыретте жооп беребиз", - деди ал.