Рыскелди Момбеков: "Дастан Бекешевдин көзү көрүп калды беле же анын көргөнүн ушулар көрүп калды беле?"
Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отчетун угуп, ага суроолорду берип жатышат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков Дастан Бекешевдин ИИМге күбө катары суракка чакырылышына нааразы болду.
"Менин кесиптешим Дастан Далабайевичти ИИМ 5-9-октябрдагы иштер боюнча суракка чакырды. Көрүп-билгениңизди айтып бериңиз деп. Дастан Бекешевдин көзү көрүп калды беле же анын көргөнүн ушулар көрүп калды беле? Бул кандай?" - деди.
Буга Курманкул Зулушев ИИМ кызматкерлери депутатты окуяларда аралашып калган жаран катары чакырганын айтты. "Мен мунун мыйзамдуулугун тактайын", - деди башкы прокурор.
"Эми бул көргөн кишилерди көмүскөдө калтырып, көрбөгөн кишини чакырган биздин өлкөдө эле болуш керек", - деди депутат.